Израиль Газада бир үйдү атты
Кол салууда үй чоң зыян тартып каза болгон же жаралангандар болгон жок.
1567299
Израиль армиясынын артиллериялык бөлүгү Газанын ортоңку бөлүктөрүндө бир үйдү атты.
Көргөн күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда Израиль тарабынан бир артиллериялык ок Газа тилкесинин ортоңку бөлүгүндөгү үйгө келип түшкөн.
Кол салууда үй чоң зыян тартып каза болгон же жаралангандар болгон жок.
Бир тараптан Израиль коомдук телерадио берүү мекемеси KANдын билдиришинче артиллериялык бөлүктөр Газада түрдүү аймактарды бомбалады. Кабарда Газадан Израилдин түштүгүндөгү бир отуркташуу жерине келип түшкөн ракетанын атылгандыгы ортого салынды.
Израиль армиясы да твиттерден берген маалыматында Газадан атылган ракетанын бош аянтка түшкөндүгүн жарыялады.