Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле жайылууда.

1567323
Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү
covid -19.jpg
Covid Süper.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 65 миң 815тен ашты. Вирус менен ооругандардын саны 96 миллион 633 миң, ал эми айыгып чыккандардын саны 69 миллион 304 миңди түздү.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 411 миң 520га жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 24 миллион 809 миң деп катталды. Калифорния штатындагы айрым аймактарда эмдөө иштери токтотулду, анткени өлкөдөгү Moderna фармацевтикалык компаниясынын Ковид-19 вакцинасын алгандардын айрымдарында терс таасирлери байкалды.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 211 миң 511ге жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 8 миллион 575 миңге жогорулады.

Мексикада пандемиядан улам көз жумгандардын саны 142 миң 832ге, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 668 миңге жетти.

Британияда вирустун айынан акыркы суткада 1610 адам каза болуп, 33 миң 355 жаңы учур катталды. Пандемия башталгандан бери кечээ эң көп адам өлүмү катталган өлкөдө каза болгондордун саны 91 миң 470, ал эми жуктургандардын саны 3 миллион 466 миң 849 деп жаңыланды.

Италияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде 603 адамдын каза болушу менен жалпы сан 83 миң 157ни түздү. Ооруга чалдыккан адамдардын саны болсо 10 миң 497ге көбөйүп 2 миллион 400 миң 598ге жетти.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан улам 373 адам каза болуп илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 71 миң 342ге жогорулады. Бир күндө 23 миң 608 жаңы учур катталып, вируска чалдыккандардын саны 2 миллион 938 миң 333кө жетти.

Испанияда Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 54 миң 173 болду. Өлкөдө вирусту жуктургандардын саны болсо 2 миллион 370 миңге жогорулады.

Германияда эпидемиялык жоготуу 49 миң 244кө, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 2 миллион 71 миңге жетти. Өлкөдө ушул кезге чейин Ковид-19га каршы бир миллион 145 миң адамдын эмделгени белгиленди. 5-январда Германияда Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө көрүлгөн чаралардын мөөнөтү 14-февралга чейин узартылды.

Ковид-19дан улам берки өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Колумбия (49 миң 402), Аргентина (46 миң 66), Перу (39 миң 44), Польша (33 миң 698), Украина (21 миң 46), Бельгия (20 миң 472), Канада (18 миң 266), Чили (17 миң 573), Боливия (9 миң 722), Гватемала (5 миң 313), Румыния (17 миң 369), Чехия (14 миң 646), Эквадор (14 миң 382), Нидерландия (13 миң 162), Венгрия ( 11 миң 520), Швеция (10 миң 591)



Тектеш кабарлар