Афганистанда бомбалуу кол салуу болду

Кол салууда 6 полиция жараланды.

1567391
Афганистанда бомбалуу кол салуу болду

Афганистандын батышындагы Герат аймагында болгон бомбалуу кол салууда 6 полиция жараланды. Герат коопсуздук директорлугунун катчысы Абдул Ахад Велизаде Гераттын Инжил районуна караштуу Пул Малан аймагындагы полиция пунктуна жакын жерге жайгаштырылган бомбанын жардырылгандыгын айтты.

Герат мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгери Мухаммед Рафик Ширзай кол салууда 6 полициянын жаралангандыгын белгиледи.

 Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар