COVID-19ду жеңгендердин үчтөн бири башка ооруларга чалдыгууда
Ковид-19ду жеңген 47 миң 780 адамга байкоо салынды.
Коронавирустан (Ковид-19) айыккандардын үчтөн бири ооруканадан чыккандан кийин алгачкы 5 айдын ичинде дем алуу органдарынын оорулары жана жүрөк-кан тамыр көйгөйлөрү боюнча кайрылышкан.
Британиянын Улуттук статистика мекемесинин Лондон университеттик колледжи жана Лестер университети менен биргеликте жүргүзгөн ишинин алкагында Ковид-19ду жеңген 47 миң 780 адамга байкоо салынды.
Изилдөөнүн жүрүшүндө бейтаптардын болжол менен 30 пайызы (14 миң 140 адам) Ковид-19ду жеңгенден кийин 140 күндүн ичинде кайрадан жүрөк-кан тамыр көйгөйлөрүнүн көбөйүшү, дем алуу органдарынын начарлашы жана жогорку диабет менен ооруканага жаткырылгандыгы, бул адамдардын 12,3 пайызынын болсо көз жумгандыгы байкалды.
Изилдөөнүн жыйынтыктары рецензияланган журналда жарыялана элек болсо дагы, текшерилген бейтаптардын орточо жаш курагы 65 жаш деп белгиленди, алар 2020-жылдын биринчи 8 айында Ковид-19 диагнозу менен ооруканага жаткырылып, айыккандан кийин үйүнө чыгарылды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.