Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Ковид  - 19дан улам жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 2 миллион 52 262ге  жогорулады.

1566457
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Ковид  - 19дан улам жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 2 миллион 52 262ге жогорулады. Бейтап саны 96  миллион 119 000, айыккандардын саны 68 миллион 782 000 болду.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 152 593кө жогорулады. Өлкөдө бейтап саны да 10 миллион 582 647ге жетти.

Россияда Ковид  1-дан улам 24 саатта 586 киши каза болду. Ушундайча өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 66 623кө жогорулады. Бир күндө 21 734  бейтап аныкталып, вирус жугузгандардын саны 3 миллион 612 000ге жетти. 

Японияда Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны 4 501ге, бейтап саны 328 294кө жогорулады. Премьер  - министр Суга Йошихиде өлкөдө Ковид  - 19ду көзөмөлгө алуу, Токио  олимпиадалары жана паралимпик оюндарынын өткөрүлүшүнө карата чечкиндүүлүктүн улантылышына убада берди.

Кытайда ушул күнгө чейин эпидемиядан 4 635 киши каза болуп, 88 454 кишиде вирус аныкталды. Өлкөдө акыркы 24 саатта 118 кишиде вирус аныкталган алардын ичинен 12 киши өлкө тышынан келген.

Түштүк Кореяда Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны 1283кө жетти. Бейтап саны да 73 115 болду.

Эпидемиядан улам 619 киши каза болгон Малайзияда өкмөт 2022 -  жылдын биринчи чейрегине чейин өлкөдө 27 миллион кишинин коронавирус вакцинасы менен эмделерин билдирди.

Мароккодо жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 7 977ге, вирус жуктургандардын саны да 460 144кө жогорулады. Өлкөдө бир кишиде Британияда чыккан мутацияга учураган коронавирус аныкталды.

Пакистанда вирустан 110 55 киши каза болду. Вирус жугузгандардын саны 5230 11ден жогорулады. Пакистан кытайлык Sinopharm фирмасынын коронавируска каршы чыгарган вакцинасын чукул абалдарда колдонууну бекитти. 

Сенегалда эпидемиядан 536 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 23 392ге  чыкты. Өлкөдө көбөйгөн бейтап санынан улам коменданттык сааттын мөөнөтү  8 күнгө дагы узартылды. 

Израилде эпидемиядан 4 060 киши каза болуп, 10 21 кишиде вирус аныкталды. 

Африка материгинде  Ковид  - 19дан 79 736 киши каза болду. Материктеги бейтап саны 3 миллион 300 000 жетти.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 1 390го жетип, вирус жуктургандардын саны да 83 268 деп белгиленди. Борбор шаар Бишкекте эпидемиядан улам март айында токтотулган бетме  - бет билим берүү этап этап кайрадан башталды.

Кувейтте эпидемиядан 948 киши каза болуп, Бириккен Араб Эмираттарынан келген эки кишиде Британияда чыккан Ковид - 19дун мутацияга учураган жаңы түрүнүн аныкталгандыгы белгиленди. 

Ковид  - 19дан улам Иранда 56 973, Түштүк Африкада 37 449, Индонезияда 26 282 жана Иракта 12 962 киши каза болду.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар