Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Ковид  - 19дан улам жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 2 миллион 41 000ден жогорулады.

1565830
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Ковид  - 19дан улам жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 2 миллион 41 289дан жогорулап, бейтап саны 95 миллион 555 000ден, айыккандардын саны 68 миллион 271 000ден ашты.

Индияда вирустан каза болгондордун саны 152 456 болду. Өлкөдө вирус жугузгандардын саны 10 миллион 572 672 болуп катталды. Ковид  - 19  вакцина кампаниясында 447 кишиде тескери таасир жараткандыгы белгиленди. Оксфорд университети тарабынан чыгарылган жана өлкөдө чыгарылган "AstraZeneca" вакцинасы менен Bharat Biotech фирмасы жана Индия медициналык иликтөө кеңеши биргеликте чыгарган "Covaxin" вакциналарынын колдонулары жарыяланган. Вакциналардын чектүү түрдө чукул колдонулуусу бекитилген болчу.

Жалпы Африка материгинде вирустан улам акыркы бир күндө 79011 киши каза болду. Материктеги Түштүк Африкада 37 105 киши, Мароккодо 7 942, Египетте 8 583 киши каза болгон.

Ковид  - 19дан 5 692 киши каза болуп, 180 90 бейтап болгон Тунисте эпидемия менен күрөшүү үчүн көрүлгөн чаараларга нааразычылык билдирилди. Нааразычылык акциясында 200 киши камоого алынды.

Азербайжанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Түркия сыяктуу Sinovac вакцинасын тандаган Азербайжанда саламаттык сактоо министри Октай Ширелиевдин эмдөө алышы менен процесс башталды. Өлкөдө калктын 40 пайызынын эмделиши максат кылынууда.

Эпидемиядан улам 10 997 киши каза болуп, бейтап саны 521 000ден ашкан Пакистанда ноябрь айында бейтап санындагы өсүүдөн улам бардык мектеп жана университеттер токтотулган билим берүү баскыч түрүндө башталып башталгыч мектептер менен орто мектеп жана университеттердин окуучулары да 1 -  февралдан тарта сабактарын башташат.

Ковид  - 19дан улам Россияда 66037, Иранда 56 886, Индонезияда 26 282 жана Иракта 12 944 киши каза болду.



Тектеш кабарлар