Ковид - 19 вакцинасын алууну эң көп каалагандардын саны Британияда

Британияда катышуучулардын 73 пайызы вакцина алышарын айтса, Данияда бул катнаш 70 пайыз болду.

1564903
Ковид - 19 вакцинасын алууну эң көп каалагандардын саны Британияда

Ковид  - 19га каршы чыгарылган вакцинаны алууну каалагандардын саны Британияда көп болсо, вакцина алууну каалагандар эң аз болгон өлкө Франция экендиги аныкталды.

 Изилдөө фирмасы YouGov тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда Ковид- 19  вакцинасы сунушталганда эң көп каалагандар Британия жарандары менен даниялыктар экендиги, Франция менен польшалыктардын арсар экендиги ортого чыкты.

Британияда катышуучулардын 73 пайызы вакцина алышарын айтса, Данияда бул катнаш 70 пайыз болду.

АКШда сурамжылоого катышкандардын жарымынан азы вакцинаны каалагандарын айтышты жана бул катнаштын июль айынан бери өзгөрбөгөндүгү байкалды.

Польшада сурамжылоого катышкандардын 37 пайызы, Францияда болсо 48 пайызы сунуш кылына турган макул болушпай тургандарын билдиришти.

Бир тараптан сурамжылоонун жыйынтыгында бир топ өлкөдө аз сандагы кишинин дароо вакцина алууну каалабагандары аныкталды. Сурамжылоого катышкнадар оболу күтүү жана вакциналардын ишенимдүү болуп же болбогондугун көрүү ниетинде экендерин айтышты.

 



Тектеш кабарлар