Жер шары жаңы бир муз доору коркунучу менен бетме - бет

Антарктидадагы айсбергдердин ээриши Жерди жаңы муз дооруна сүйрөй турган чынжырлуу реакцияны жаратышы мүмкүн экендиги белгиленди.

1564420
Жер шары жаңы бир муз доору коркунучу менен бетме  - бет

Антарктидадагы айсбергдердин ээриши жерди жаңы муз дооруна сүйрөй турган чынжырлуу реакцияны жаратышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Daily Mailдин кабарына караганда, Уэлстеги Кардифф университетинин окумуштуулары ээрип жаткан айсбергдер Атлантика океанына таза суу ташыганын белгилешти.

Бул процесс океандын айлануусунун өзгөрүшүнө жол ачып, жерди жаңы климаттык муздоо коркунучуна алып келүүдө.

Акыркы 1,6 миллион жылдагы ар бир муз дооруна чейин, ээриген айсбергдер менен океандардагы алмашуунун ортосунда байланыш бар экендиги аныкталды.

Буга чейин илимпоздор муздун ээриши жана глобалдык жылуулуктун башка кесепеттери океандын деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келгендигин жана келечекте жээк аймактары сууга чөгүп кетиши мүмкүн экендигин эскертишкен.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар