Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле жайылууда.

1564193
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
super covid19 ingiltere.jpg
SPR bogota covid.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 2 миң 660 адамдан ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 93 миллион 546 миңден, ал эми айыккандардын саны 66 миллион 846 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) пандемиядан көз жумган адамдардын саны 397 миң 994кө, ооруга чалдыккандардын саны 23 миллион 848 миң 410го жетти. Президент болуп шайланган Жо Байден пандемияга жана экономикалык кризиске каршы күрөшүү үчүн 1,9 триллион долларлык жардам пакетин сунуш кылды.

Британияда Ковид-19дан улам акыркы 24 саатта 1 миң 248 адам көз жумуп жалпы 86 миң 15ке, ушул эле мезгилде жуктургандардын саны 48 миң 682ге көбөйүп, 3 миллион 260 миң 258ге жетти. Өкмөт эң биринчи Бразилияда байкалган коронавирустун жаңы штаммынан улам Португалия менен бирге Түштүк Американын бардык өлкөлөрүнөн Британияга учууга тыюу салды.

Францияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 69 миң 313, ал эми вирус аныкталган адамдардын саны 2 миллион 851 миң 670ти түздү. Франция 18-январдан тарта ЕБнин тышындагы өлкөлөрдөн акыркы 72 сааттын ичинде өткөн Ковид-19 тесттинин жыйынтыгын сурайт.

Пандемиянын кесепетинен каза болгондордун саны 44 миң 994, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 2 миллион 958 деп катталган Германияда канцлер Ангела Меркель, 11-январдан бери күчүндө болгон кескин чаралардын натыйжаларын көрүү жана февраль айынын жол картасын аныктоо үчүн мамлекеттик администраторлор менен 25-январда өткөрө турган жыйынды алдыга жылдырды. Меркелдин жыйынды дүйшөмбү же шейшемби күндөрү өткөргүсү келгени белгиленди.

Италияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 80 миң 848ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 336 миң 279га жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир сутканын ичинде 201 адамдын каза болушу менен жалпы сан 53 миң 79га жогорулады. Ошол эле мезгилде 35 миң 878 жаңы учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 211 миң 967ге жетти.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 148 адам каза болгонун жана 10 миң 698 жаңы учур катталганын кабарлады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 8 миң 384кө, ал эми бейтаптардын саны 517 миң 816га көбөйдү.

11 миң 66 адам көз жумуп, 347 миң 636 адамда вирус аныкталган Венгрияда, мамлекеттик министр Гергели Гуляс Европа Биримдигинен (ЕБ) жетиштүү көлөмдө Ковид-19 вакцинасын камсыздай албаганын, андыктан вакцинаны Кытайдан алаарын айтты. Өлкөдөгү акыркы маалыматтарга караганда 96 миң 100 адам эмдөөдөн өттү.

Ковид-19дан улам берки өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Бразилия (207 миң 160), Мексика (137 миң 916), Колумбия (47 миң 491), Германия (45 миң 492), Аргентина (45 миң 125), Перу (38 миң 564), Польша (32 миң 456), Украина (20 миң 542), Бельгия (20 миң 294), Канада (17 миң 538), Чили (17 миң 294), Румыния (17 миң 35), Эквадор (14 миң 246), Чехия (14 миң 29), Нидерландия ( 12 миң 774) жана Швеция (10 миң 185)



Тектеш кабарлар