Батыш өлкөлөрүндө коронавирустун көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1562568
Батыш өлкөлөрүндө коронавирустун көрсөткүчтөрү
Arnavutluk_Covid19_aşılama_5.jpg
bogota hastane covid19.jpg
covid-asi.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 970 миң 394 адамды түздү. Ооруну жуктуруп алгандардын саны 92 миллион 22 миңден, ал эми айыккандардын саны 65 миллион 865 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза тапкан адамдардын саны 389 миң 621ге жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 23 миллион 369 миң деп катталды. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору, 26-январдан тарта өлкөгө аба жолу менен келгендерден Ковид-19 тесттинин жыйынтыгы сураларын билдирди.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 204 миң 726га жетти. Өлкөдө жуктургандардын саны 8 миллион 195 миңди түздү.

Мексикада пандемиянын кесепетинен көз жумгандардын саны 135 миң 682ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 1 миллион 556 миңге жогорулады. Саламаттык сактоо министринин орун басары Уго Лопес-Гэтелл, өлкөнүн 32 аймагында 1000 адамдан турган топтун ар жума сайын 439 миң адамга эмдөө жүргүзө тургандыгын билдирди.

Британияда вирустун айынан акыркы 24 саатта 1243 адам каза болуп, 45 миң 533 жаңы учур катталды. Пандемияда каза болгондордун саны 83 миң 203, ооруну жуктургандардын саны болсо 3 миллион 164 миң 51ге жетти.

Италияда акыркы 24 саатта пандемиянын кесепетинен 616 адам көз жумуп жалпы сан 79 миң 819га жогорулады. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 14 миң 242ге көбөйүп, 2 миллион 303 миң 263кө жетти. Өлкөдө эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 731 миң 539 адамды түздү.

Францияда вирустан каза болгондордун саны 68 ​​миң 802, ал эми жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 806 миң деп катталды.

Испанияда Ковид-19дан улам көз жумган адамдардын саны 52 миң 683кө жетти. Өлкөдө илдетке кабылгандардын саны болсо 2 миллион 137 миңди түздү.

Германияда эпидемиялык жоготуу 43 миң 203кө, ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 957 миңге жетти.

Ковид-19дан улам кээ бир берки өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Колумбия (46 миң 782), Аргентина (44 миң 848), Перу (38 миң 399), Польша (31 миң 593), Украина (20 миң 214), Бельгия (20 миң 194), Канада (17 миң 233), Чили (17 миң 182), Румыния (16 миң 881), Эквадор (14 миң 196), Чехия (13 миң 656), Нидерландия (12 миң 563) жана Венгрия (10 миң 948)



Тектеш кабарлар