Тегеранда абанын булганышы

Ирандын борбор шаары  Тегеранда абанын булганышы "кызыл" деңгээлде экени билдирилди.

1561989
Тегеранда абанын булганышы

Ирандын борбор шаары  Тегеранда абанын булганышы "кызыл" деңгээлде экени билдирилди.

Тегеран  абанын сапатын өлчөө фирмасы тарабынан берилген маалыматта борбор шаардагы абанын булганышы  ден соолукка зыянын тийгизген 168 микрограмм / куб метрге жеткени белгиленди.

Тегеранда адамдардын өпкө жана ткандарына кирген 2,5 микрондон дагы кичине бөлүкчөлөрдөн улам өзгөчө өпкө жана жүрөк бейтаптары, кары  - картаңдар менен балдардын тышка чыкпашы керектиги эскертилди.

Абанын сапатын өлчөө фирмасы жарыялаган маалыматтарга караганда Тегеранда абанын булганышы  акыркы күндөрдө барган сайын өсүүдө.

Тегеран мэри көптөгөн жылдар борбор шаардагы абанын булгануу маселесин чечүү үчүн велосипед колдонууну колдоо, бир жана жуп номердүү мамлекеттик номерлерди колдонуу, жаңы метро линияларын киргизүү, эски унааларды жол кыймылына киргизбөө жана заводдорду шаардан чыгаруу сыяктуу көптөгөн долбоорлорду иштеп чыкты.

Бирок шаардын физикалык түзүлүшү сыяктуу аба айлануусу жана калктын жыштыгы үчүн ылайыксыз көптөгөн факторлордон улам, жыл сайын кыш мезгилинде ошол эле көрүнүш байкалат.

Тегеран жалпы дүйнөдө шаардагы абанын булганышы боюнча 12 -  орунда турат.



Тектеш кабарлар