Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны арбын.

1561973
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Жалпы дүйнөдө коронавирустан улам каза болгондордун саны 1 миллион 955 262ге жетти. Бейтап саны 91  миллион 395 000, айыккандардын саны 65 миллион 412 000 киши болду.

Индияда вирустан каза болгондордун саны 151 364 болду. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны да 10 миллион 479 913 деп катталды.

Россияда эпидемиядан 62 804 киши каза болсо бейтап саны да 3 миллион 448 000ге жетти. 

Иранда Ковид  - 19дан  каза болгондордун саны 56 360ка жетип, вирус жугузгандардын саны 1 миллион 299 000ге жогорулады. 

Израилде акыркы бир күндө 19 кишинин вирустан каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 3 704кө жетти. Өлкөдө 24 саатта 9 589 жаңы учурдун катталышы менен 500 000ден жогорулады. 

Эпидемияда каза болгон 1629, вирус жугузган саны 222 391ге жеткен Ливанда 14 -  январь бейшемби күндөн тарта 10 күндүк өзгөчө кырдаал чечиминин чыгарылгандыгы, керек болсо бул убакыттын  узартылары белгиленди.  Өзгөчө кырдаал чечиминин негизинде коомдук жана менчик мекемелер менен бирге бардык билим берүү мекемелери да жабык боло турган Ливанда Эл аралык Рефик Харири аэропортунан өлкөгө кирүү 20 пайызга чейин түшүрүлөт жана ар бир жүргүчүдөн жыйынтыгы негатив болгон ПЦР тест талап кылынат.

Вирустан улам 555 киши каза болуп, 138 224 киши вирус жуктурган Малайзияда эпидемияга карата 1 -  августка чейин созулган өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Жалпы Африка материгинде Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 72 847ге жетип жалпы материкте вирус аныкталгандардын саны да 3 миллион 70 446га жогорулады. Материкте Түштүк Африка Республикасында 33 579  киши каза болуп,  1 миллион 246 643  киши вирус жугузган. Мароккодо болсо 7 767 киши каза болуп 452 988 киши вирус жуктурган болсо, Тунисте 5 284 киши каза болуп, 162 350 киши вирус жугузган, Египетте 8 249 киши каза болуп, 150 753 кишиге вирус жуккан.

Иорданияда вирустан 4043, Кувейтте 945, Бахрейнде 356 киши каза болду.

Ушул кезге чейин Ковид  - 19дан 617 киши каза болуп, бейтап саны 77 663кө жеткен Өзбекстанда Ковид – 19дун ылдам жугуучу, мутацияга учураган түрү чыккан 7 өлкөдөн (Британия, Италия, Дания, Австрия, Австралия, Нидерландия жана Түшүк Африка Респудикасынан)  кирүүгө тыюу салуу 1 -  февралга чейин узартылды. Бул өлкөлөрдө болгон жана Өзбекстанга үчүнчү өлкөлөр аркылуу кирген өзбек жарандары 14 күн карантин борборунда болот.

Ковид  - 19дан улам Индонезияда 24 343, Иракта 12 906, Пакистанда да 10 717 киши каза болду.

Кытайда акыркы 24 саатта 55 жаңы учур катталды, алардан 13 киши өлкө тышынан келген. Коронавируска байланыштуу өлүм  - житимдин болбогондугу билдирилди. Өлкө ичиндеги бейтаптардын 40кы Хебэи, бирөөсү Хеилонгжианг аймактарында, бирөөсүнүн болсо борбор шаар Пекинде аныкталгандыгы билдирилди. Хебэи аймагында Шыжиасуанг жана Шынгтай шаарларынан кийин Пекиндин түштүгүндөгү Гуан шаарында да «7 күндүк команданттык саат» киргизилди.

Түштүк Кореяда акыркы 24 саатта 25 киши каза болуп жалпы каза болгон киши саны 165ке жетти. Өлкөдө вирус жугузган киши саны 69 651ге жогорулады.



Тектеш кабарлар