Япониядагы кар борошосу 38 адамдын өмүрүн алды

Мындан тышкары, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу өлкө боюнча ички авиакаттамдар токтотулду.

1561891
Япониядагы кар борошосу 38 адамдын өмүрүн алды

Японияда калың жааган кардан жана бороондон каза болгон адамдардын саны 38ге жетти.

Японияга таасирин тийген кардын жана бороондун кесепетинен Ниигата, Тояма, Исикава, Фукуй жана Гифу шаарларында 8 адам каза болуп, 270 адам жаракат алды.

Ушундайча 15-декабрдан бери өлкөдө жааган кар жана бороондун айынан каза болгон адамдардын саны 38ге жетти. Мындан тышкары, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу өлкө боюнча ички авиакаттамдар токтотулду.

Япониянын Метеорология агенттиги (JMA) акыркы суткада өлкөнүн айрым аймактарында кардын калыңдыгы 1 метрден ашканын айтып, жарандарды үйдөн чыкпоого чакырды. JMAнын маалыматына караганда, Тояма шаарында кардын калыңдыгы 1986-жылдын февралынан бери биринчи жолу 120 сантиметрге жетти.



Тектеш кабарлар