АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Брюсселге барат

20 -  январда АКШда Жо Байдендин кызматты өткөрүп алышы менен Помпеонун мамлекеттик катчылык кызматы акырына чыгат.

1561982
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Брюсселге барат

Кызматтан кетүүгө бир жума калган Америка Кошмо Штаттарынын  мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Бельгияга барары көңүлдөрдү бурууда.

АКШнын мамлекеттик департаментинин саякат  тууралуу билдирүүсүндө Помпеонун  АКШ менен Бельгиянын  ортосундагы туруктууу өнөктөштүктү жаңылоо жана АКШнын НАТОго шартсыз колдоо берүүнү билдирүү үчүн 13 – 14 - январь күндөрү Бельгиянын борбору Брюсселге барары билдирилди.

Помпеонун Брюсселде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен Бельгиянын вице  - премьер  - министри жана тышкы иштер министри Вилмес менен жолугушары билдирилген маалыматта : «Министр Помпео трансатлантика союздаштыгынын маанисине басым  жасай турган, НАТОнун трансатлантика коомунун  коргоосундагы жана жаңы коопсуздук чектерине адаптация болуу тууралуу ийгилигине колдоо бере турган жана АКШ менен Бельгиянын ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштардын  бекемдигине басым жасалат»,- деп билдирилди.

20 -  январда АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин кызматты өткөрүп алышы менен Помпеонун мамлекеттик катчылык кызматы акырына чыгат.



Тектеш кабарлар