Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам болду

Дүйнөдөгү 500 бай адамдын байлыгы 2020-жылы болжол менен 1,8 триллион долларга көбөйүп, жалпы 7,6 триллион долларга жеткен.

1559627
Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам болду

Электр унааларын чыгаруучу Tesla жана SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маск 188,5 миллиард доллар байлыгы менен дүйнөдөгү эң бай адам болду.

Кечээ Тесланын акцияларынын 5 пайыздан ашык өсүшү, компаниянын ээси Илон Маскты дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын арасында биринчи орунга көтөрдү.

Bloomberg Billionaires Index маалыматы боюнча Маск 188,5 миллиард доллар байлыгы менен 2017-жылдын октябрь айынан бери тизменин башында турган Амазонканын негиздөөчүсү Жефф Безосту артта калтырып, биринчи орунга чыкты.

Тесла акцияларынын акыркы бир жылдагы өсүүсү Маскка байлыгын 150 миллиард доллардан ашык көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Өткөн жылы компаниянын акциялары 743 пайызга өстү.

Маск өткөн айдагы маегинде, акчага анчалык деле кызыкдар эместигин Тесла жана SpaceXтеги акцияларынан тышкары анча-мынча мүлкү бар экендигин айткан эле. Маск байлыгынын башкы максатынын адамзаттын космостук сапар жасаган цивилизацияга өтүшүн тездетүү экендигин айтты.

Дүйнөдөгү 500 бай адамдын байлыгы 2020-жылы болжол менен 1,8 триллион долларга көбөйүп, жалпы 7,6 триллион долларга жеткен.



Тектеш кабарлар