Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө  Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 1 миллион 909 199дан жогорулады.

1559842
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө  Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 1 миллион 909 199дан  жогорулады.  Бейтап саны 88  миллион 632 000ден, айыккандардын саны 63  миллион 709 000ден ашты.

Индияда вирустан улам каза болгондордун саны 150 606га жогорулады. Өлкөдө бейтап саны 10 миллион 414 000ге жетти.

Ковид  - 19дан 208 киши каза болгон Шри Ланкада өкмөт узун убакыттан бери талкууланып келе жаткан «эпидемияда каза болгондордун сөөгүн динине карабастан өрттөөнүн» улантылары билдирлди. Өлкөдө вирустан каза болгондордун бир бөлүгүн мусулмандар түзүүдө.

Иранда Ковид  - 19дан 56 018 киши каза болуп, диний лидер Айетуллах Али Хаманей өлкөөнө АКШ жана Британияда иштелген вакциналардын алынбай тургандыгын билдирди. Хаманей телекөрсөтүүдө түз эфирден берилген сөзүндө : АКШ менен Британия вакциналарынын өлкөбүзгө алып келүүгө тыюу салынды. Муну жооптууларга билдирдим. Эгерде америкалыктар вакцина чыгарган болсо ансыз да ушул кезге чейин өз өлкөлөрүндө абал мындай болбос эле",- деди. 

Израилдин саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарына караганда өлкөдө 3549 киши вирустан каза болуп, бейтап саны 470 000ден ашты. Премьер  - министр Беньямин Нетаньяху март айынын акырына чейин 16 жаштан жогорку израилдиктердин баарына коронавирус вакцинасынын берилерин айты.

Тунистин саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта коронавирустан улам 48 кишинин каза болгондугу, 2 373 бейтаптын аныкталгандыгы белгиленди. Акыркы маалыматтар менен бирге өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 5052ге, бейтап саны 152 254кө чыкты.

Марокконун саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда өлкөдө Ковид  - 19дан 27 киши дагы каза болуп, 1579 жаңы учур катталды. Ушундайча өлкөдө эпидемиядан каза болгондордун саны 7 645, бейтап саны 448 678 болду.

Жалпы Африка материгинде вирустан 70 649 киши каза болду. Материктеги бейтап саны 2 миллион 965 221 болду. 

Түштүк Африканын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда акыркы 24 саатта 441 кишинин каза болушу менен Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны 31 809га жогорулады. Өлкөдө бейтап саны 1 миллион 170 590го жетти.

Ковид  - 19дан каза болгондордун саны айрым өлкөлөрдө төмөнкүдөй болду : 

Россияда 60 911, Иранда 55 933, Индонезияда 23 753, Иракта 12 869 жана Пакистанда 10 558.

 



Тектеш кабарлар