2020-жыл акыркы 150 жылдагы эң ысык эки жылдын бири болду
1850-жылдан берки өлчөөлөр 2020-жылдын эң ысык эки жылдын бири болгонун көрсөттү.
2020-жыл 2016-жыл менен бирге тарыхтагы эң ысык жыл деп катталды.
Европа Биримдигинин Климатты көзөмөлдөө кызматынын маалыматына караганда, 2020-жыл акыркы 150 жылдагы эң ысык эки жылдын бири болду.
1850-жылдан берки өлчөөлөр 2020-жылдын эң ысык эки жылдын бири болгонун көрсөттү.
Жыл бою болгон жогорку жылуулук, бороон-чапкындар, токой өрттөрү жана ушул сыяктуу табигый окуялар катуу ысыктан келип чыкты.
Көрсөткүчтөрдү жарыялаган Европа Биримдигинин Климатты көзөмөлдөө кызматы бул ысуу чоң кырсыктардын келип чыгышына себеп болоорун белгиледи.
2020-жылы дүйнө жүзүндө аба ырайы, кайрадан ысык жыл деп катталган 2019-жылга караганда жарым градус цельсияга жылуу болду.
Жетекчилер бул көрсөткүч 2030-жылга чейин 1 жарым градус цельсияга жетиши мүмкүн деп билдиришти.
Тектеш кабарлар
Францияда денге ысытмасынын учурлары көбөйүүдө
Жетекчилер Олимпиада учурунда вируска чалдыккандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экенине басым жасашты.