Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны  1 миллион 878 890 болду.

1558308
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны  1 миллион 878  890 болду. Бейтап саны 86 миллион 968 000, айыккандардын саны 61 миллион 676 000ден жогорулады.

Индияда 24 саатта 264 кишинин дагы каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 150 151ге жетти.  Өлкөдө вирус жугузгандардын саны 10 миллион 375 478 деп билдирилди.

Россияда коронавирустан каза болгондордун саны бир күндө 445ке көбөйүп, 59 951ге жетти. Өлкөдө ошол эле убакытта 24 217 жаңы учур катталды. Алардын 5 142си борбор шаар Москвадан чыккан. Вирус жуктургандардын саны 3 миллион 308 601ге жогорулады. 

Иранда саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Сима Садат Лари мамлекеттик телекөрсөтүүдө берген маалыматында  Ковид  - 19  эпидемиясында акыркы 24 саатта 82 кишинин дагы каза болгондугун жана 6 283 жаңы учурдун катталгандыгын белгиледи. Лари ушундайча вирустан каза болгондордун саны 55 830га жеткендигин бейтап саныны 1 миллион 261 903кө жогорулагандыгын айтты. 

Израилде вирустан улам 3 489 киши каза болуп, бейтап саны 455 144кө жетти. Акыркы 24 саатта 8 308 кишинин инфекция жуктургандыгы билдирилди. Өлкөдө 2020 -  жылы 27 -  декабрда жарыяланган карантин эрежелеринин 2 жумалык убакыт менен күчөтүү чечими чыгарылды.

Кипр Рум бөлүгүндө  эпидемиядан улам акыркы 24 саатта 1 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 134кө жетти. Ковид  - 19 бейтап саны ошол эле убакытта 569га көбөйүп 25 000ден ашты.

Иракта акыркы 24 саатта эпидемиядан улам 12 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны 12 856га жетти. Ошол эле убакытта 757 жаңы учур катталган өлкөдө вирус жуктургандардын саны 599 126га жогорулады.

Сауд Арабияда акыркы бир күндө эпидемиядан 9 киши дагы каза болуп, 104 кишиде вирус аныкталды. Өлкөдө жалпы каза болгондордун саны 6 265, бейтап саны да 363 259га жетти.

Түштүк Африка Республикасында вирустан улам  30 524 киши каза болду. Өлкөдө бейтап саны да 1 миллион 127 759 болду. Түштүк Африка Республикасында коронавирустан улам каза болгондордун сөөктөрүн койо турган жер табуу кыйындай баштады.

Японияда Ковид  - 19дан 3 655 киши каза болуп, 247 960 киши вирус жугузган. Өлкөдө Ковид  -19 менен күрөшүүнүн негизинде өкмөткө сунуш киргизген кеңешүүчү делегация борбор шаар Токио жана айланасындагы аймактарда өзгөчө кырдаал жарыялоону талап кылды.

Сенегалда коронавирустан 428 кишинин каза болгондугу, 19 964 кишинин вирус жуктургандыгы билдирилди. Өлкөдө акыркы жумаларда бейтап санынын өсүшү менен жарым  - жартылай өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат жарыяланды.

Эпидемиядан улам  Бангладеште 7 670 киши каза болуп, 517 920 бейтаптын катталгандыгы билдирилди. Британиядагы Оксфорд университетинин дары  - дармек фирмасы AstraZeneca менен чыгарган Ковид  - 19  вакцинасынын өлкөдө чукул абалдарда колдонулушу бекитилди.

Кытайда  32 жаңы учур каталды алардын 9зу өлкө тышынан келген кишилер болду. Каза болгондор болгон жок. Ковид  - 19 ортого чыккан Кытайда ушул кезге чейин 4 634 киши каза болуп, 87 215 бейтап катталды. Борбор шаар Пекинге коңшу Хыбэй аймагынын кээ бир отурукташуу пункттарында ортого чыккан бейтаптардан улам чаралар күчөтүлдү.

Түштүк Кореяда акыркы 24 сааттын ичинде 20 киши каза болуп, вирустан каза болгондордун саны 1027ге жетти. Өлкөдө ошол эле убакытта 840 жаңы учур катталды. Вирус жуктурган киши саны 65 818ге жогорулады. Ковид  - 19дан улам Индонезияда каза болгондордун саны 23 109, Пакистанда 10 461 болду.

Ковид  - 19дан улам Пакистанда 10 461 киши каза болуп, бейтап саны 492 594кө жетти. 

 



Тектеш кабарлар