АКШнын борбору Вашингтондо баш аламандык башталды...

Борбор шаарда митинг уюштурган Трамптын колдоочуларынан айрымдары полициянын тосмосунан ашып өтүп Конгресс имаратына кирди.

1558787
АКШнын борбору Вашингтондо баш аламандык башталды...
000_8YA6XJ.jpg
abd gosteriler

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбору Вашингтондо болгон окуялардын себебинен  жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн тарта көчөгө чыгууга тыюу салынганы жарыяланды.

Борбор шаарда митинг уюштурган Трамптын колдоочуларынан айрымдары полициянын тосмосунан ашып өтүп Конгресс имаратына кирди.

Ошондуктан Конгрессте Жо Байдендин президент болуп шайланганын беките турган отурум токтотулду жана отурумду жетектеген вице-президент Майк Пенс имараттын тышына чыгарылды.

Полиция, Конгресстин ичине кирүүгө аракет кылган демонстранттарга көздү ачыштыруучу газ чачты.

Президент Дональд Трамп, социалдык медиадан берген маалыматы менен демонстранттарды «тынчтыкчыл болууга» чакырды.

Окуялардын себебинен борбор шаарда көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Трамп, митингдер башталаардан мурда жасаган билдирүүсүндө болсо президенттик шайлоодогу жеңилүүнү кабыл албай турганын жана күрөшүүнү токтотпой турганын айткан.

Трамп, 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын бекитүү максаты менен уюштурулган Конгресс отуруму үчүн Вашингтондо чогулган колдоочуларына ок өткүс айнектин артынан кайрылып, «Демократтардын шайлоолорду бурмалаганы» жөнүндөгү айтымдарын уланткан.

Трамп шайлоолорду чындыгында жеңген өзү болгонун жактап, «Эч качан жеңилүүнү кабыл албаймын, тайсалдабаймын»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар