Малайзияда сел жүрдү

Малайзияда селден улам 3 адам каза болду.

1557626
Малайзияда сел жүрдү

Малайзияда селден улам 3 адам каза болду.

Жалпы өлкөдө муссон жамгырлары жол ачкан селден улам үйлөрүнөн эвакуциялангандардын саны 20 000ден ашты.

Малайзиянын социалдык коргоо бөлүмү жасаган билдирүүдө 1 - январдан бери Паханг, Джохор, Келантан, Теренггану, Селангор жана Перак штаттарында муссондон жапа чеккен 20 838 адамдын коопсуз жерлерге жеткирилгени кабарланды.

Селден улам каза болгондордун саны 3кө жогорулады.

Метеорология кызматкерлери муссон жамгырлары Малайзиянын чыгышындагы Борнео аралына дагы барарын билдирип, бул жердеги Сабах штатында аба - ырайынын начарлыгын эскертишти.

1 - январда башталган жана Малайзиянын Жохор жана Паханг штаттарында катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам  суу ташкыны болуп,  эки штатта 7000ден ашуун адам үйлөрүнөн эвакуацияланды.

Кечээ жаан - чачындын тегеректеги штаттарда да таасирин көрсөтүүсү менен селден таасирленгендердин саны көбөйдү.  



Тектеш кабарлар