БУУнун убактылуу 5 мүчөсү

Ирландия, Норвегия, Индия, Мексика жана Кения, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу жаңы мүчөлөрү катары кеңеште орун алды.

1557423
БУУнун убактылуу 5 мүчөсү

Ирландия, Норвегия, Индия, Мексика жана Кения, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу жаңы мүчөлөрү катары кеңеште орун алды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жаңы мүчөлөрү 2021 – 2022 мезгилинде 15 мүчөлүү кеңештин убактылуу мүчөсү катары кызмат кылат. Ирландия, Норвегия, Индия, Мексика жана Кения кеңеште 2 жылдан  кийин кызмат мөөнөтү толо турган Бельгия, Германия, Доминикан Республикасы, Индонезия жана Түштүк Африканын ордуна өтөт.

Кеңештин январь айындагы кезектешкен башкаруучулугун убактылуу мүчөлөрдөн Тунис аткарат.

15 мамлекет мүчөсү болгон БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү вето акысы бар АКШ, Кытай, Россия, Британия жана Франциядан турат.

Калган 10 мүчө өлкө БУУнун Башкы Ассамблеясында БУУнун 5 географиялык тобунун арасынан 2 жылга шайланат.

 



Тектеш кабарлар