Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 852 миң 350дөн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 85 миллион 577 миңден, ал эми айыккандардын саны 60 миллион 547 миңден ашты. Эпидемиянын чордону болгон Ам

1557104
Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү
ABD AŞI SÜPER
KORONA SÜPER
KORONA SÜPER

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 852 миң 350дөн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 85 миллион 577 миңден, ал эми айыккандардын саны 60 миллион 547 миңден ашты.

Эпидемиянын чордону болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), 360 миңден ашуун адам каза болуп, 21 миллиондон ашык учур катталган, президент Дональд Трамп коронавирустун жаңы түрлөрүнүн саны жана өлкөдөгү оорулар апыртылган деп айткан. АКШнын Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы, доктор Жером Адамс көрсөткүчтөргө шек саноого негиз жок деп билдирди.

Ковид-19дан улам 75 миң 24 адам каза болгон Англияда Оксфорд университети жана AstraZeneca тарабынан иштелип чыккан коронавируска каршы вакцина колдонула баштады. Вакцинанын биринчи дозасы 82 жаштагы диализдик оорулуу Брайан Пинкерге берилди.

Эпидемияда 4 миң 957 адам каза болгон жана 140 миң 9 учур катталган Грецияда Англиядан борбор Афинага барган 5 грек жана бир британ жаранында Ковид-19дун мутацияланган түрү табылды.

Францияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 65 миң 37ге, ал эми вирус аныкталгандардын саны 2 миллион 655 миң 728ге жетти. Өлкөдө 27-декабрда башталган Ковид-19 вакцина өнөктүгүндө бир жума өткөнүнө карабастан 450 кишини гана эмдөө социалдык тармактарда шылдың темасы болду.

Италияда эпидемиядан улам каза болгон адамдардын саны 75 миң 332, ал эми илдетке кабылгандардын саны 2 миллион 155 миң 446 деп катталды.

Вирустун айынан 909 адам каза болуп, 28 миң 483 адамга жуккан Австралияда, мамлекеттик администрациялар Жаңы Түштүк Уэльс штатынын борбору Сидней шаарына жана анын айланасындагы Ковид-19 оорусу көбөйгөн шаарларга барууга чектөө киргизишти.

Ковид-19дан кээ бир башка өлкөлөрдөгү жоготуулар төмөнкүчө:

Бразилия (196 миң 18), Мексика (127 миң 213), Испания (50 миң 837), Колумбия (43 миң 965), Аргентина (43 миң 482), Перу (37 миң 830), Германия (35 миң 105), Польша (29 миң 119), Бельгия (19 миң 701), Украина (18 миң 927), Чили (16 миң 767), Румыния (15 миң 979), Канада (15 миң 865), Эквадор (14 миң 59), Чехия ( 12 миң 070), Нидерланды (11 миң 612).



Тектеш кабарлар