Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Каписа полиция бөлүмүнүн катчысы Шайык Шүриш кол салуу тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

1556533
Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Ооганстандын Каписа провинциясындагы бомбалуу кол салуудан 5 адам каза болду.

Каписа полиция бөлүмүнүн катчысы Шайык Шүриш басма сөзгө берген билдирүүсүндө, Каписа Диний аалымдар кеңешинин башчысы Мирвейис Кериминин унаасына салынган бомбанын Сайяд базарынын аймагында жарылгандыгын айтты.

Кол салуудан 5 жаран каза болгонун, 9 адам жаракат алгандыгын айткан Шүриш, жаралуулардын арасында Каписа диний аалымдар кеңешинин төрагасы Керими болгонун айтты.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок.



Тектеш кабарлар