Дүйнөнүн эң бай адамдары байлыктарына байлык кошту

Bloomberg Billionaires индексинин маалыматы боюнча, дүйнөнүн эң бай адамдары жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) көлөкөсүндө калган 2020-жылы байлыгына байлык кошушкан.

1556504
Дүйнөнүн эң бай адамдары байлыктарына байлык кошту

Дүйнөнүн эң бай 500 адамы 2020-жылы байлыгына жалпысынан 1,8 триллион доллар кошту.

Bloomberg Billionaires индексинин маалыматы боюнча, дүйнөнүн эң бай адамдары жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) көлөкөсүндө калган 2020-жылы байлыгына байлык кошушкан.

2021-жылдын биринчи күнүндө жаңыланган тизмеге ылайык, Ковид-19 эпидемиясынын чыгышына карабастан, 2020-жылы миллиардерлер тизмесине киргендердин байлыгынын жалпы өсүшү 31 пайызга жеткен. Бул жогорулоо 8 жыл ичинде жарыяланган индекстин тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч экендиги белгиленди.

100 миллиард доллардан ашуун байлыгы бар алдыңкы 5 ысымдын тизмесинде Амазондун негиздөөчүсү Жефф Безос 190, Тесла жана SpaceXтин улук менеджери Илон Маск 170, Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 132, француз ишкери Бернард Арно 114 жана Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг болсо 104 миллиард доллар байлыгы менен катталышты.

Тизмедеги алдыңкы 10 ысымдын 8инин технологиялык компанияларга таандык экендиги көңүлдү бурса, алдыңкы орунда турган Безос менен Масктын акыркы 12 айда 217 миллиард доллар байлыгына кошкону белгилүү болду.



Тектеш кабарлар