Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 843 миң 680ден ашты

1556386
Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 843 миң 680ден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 84 миллион 987 миңден, ал эми айыккандардын саны 60 миллион 103 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 358 миң 682, ал эми жуктургандардын саны 20 миллион 904 миң 700 болду. Өлкөнүн  Калифорния штатында 2 миллиондон ашуун адам вирусту жуктуруп алышкан жана Ковид-19 оорусу эң көп катталган штат болгон, ошондуктан сыйымдуулук сөөк коюу үйлөрүндө толуп калгандыктан кээ бир сөөктөрдүн кабыл алынбаганы маалымдалган.

Ковид-19 ылдамыраак жайылган түрү табылган Улуу Британияда каза болгондордун саны акыркы сутка ичинде 445ке көбөйүп, 74 миң 570ке жетти, ал эми жуктуруп алгандардын саны 57 миң 725ке көбөйүп, 2 млн 599 миң 789га жетти.

Кээ бир башка өлкөлөрдө каза болгондордун саны жана учурлар төмөнкүдөй: Бразилия 195 миң 725/7 миллион 716 миң 405, Мексика 126 миң 851/1 миллион 443 миң 544, Колумбия 43 миң 765/1 миллион 666 миң 408, Аргентина 43 миң 375/1 миллион 634 миң 834, Перу 37 миң 773/1 18 миң 99 миллион, Чили 16 миң 724/615 миң 902.



Тектеш кабарлар