СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1555942
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid SPR.jpg
covid-asi.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 835 миң 618ден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 84 миллион 391 миң, ал эми айыккандардын саны 59 миллион 673 миңди түздү.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны 356 миң 445ке жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 20 миллион 617 миң деп катталды.

Бразилияда Ковид-19дун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 195 миң 411ге жетти. Өлкөдө жуктургандардын саны болсо 7 миллион 700 миңди түздү.

Мексикада пандемиядан улам каза болгондордун саны 126 миң 507ге, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 437 миңге жетти.

Италияда вирустан көз жумгандардын саны 74 миң 621ге , ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 2 миллион 129 миңге жогорулады.

Британияда вирустун айынан каза болгондордун саны 74 миң 125ке, ал эми жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 542 миңге жетти.

Францияда пандемиядан каза болгондордун саны 64 миң 765, жуктургандардын саны 2 миллион 639 миң деп катталды. Экинчи жагынан Өкмөттүн басма сөз катчысы Габриэль Атталь, Ковид-19га каршы күрөшүүнүн алкагында өлкөнүн 15 аймагында коменданттык сааттын бүгүн саат 20.00дүн ордуна 18.00дө башталаарын жарыялады.

Испанияда Ковид-19дан улам көз жумган адамдардын саны 50 миң 837 болду. Өлкөдө жуктургандардын саны 1 миллион 936 миңге көбөйдү.

Германияда пандемиядан каза тапкандардын саны 34 миң 388ге, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 762 миңге жетти.

Колумбиянын Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган маалыматтарга караганда, пандемиянын кесепетинен акыркы суткада 282 адам каза болуп жалпы сан 43 миң 495ке жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө 12 миң 105 учур аныкталып, ооруну жуктургандардын саны 1 миллион 654 миңди түздү.

Перуда акыркы 24 саатта Ковид-19дан 44 адам каза болуп, 2 миң 62 жаңы учур катталды. Өлкөдө вирустун айынан адамдардын өлүмү 37 миң 724кө, ал эми жуктургандардын саны 1 миллион 17 миңге жогорулады.

Чилинин Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы сутканын ичинде дагы 52 адам каза болуп, вирустун айынан адам өлүмү 16 миң 660ка жетти. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 3 миң 591ге көбөйүп, 612 миң 564тү түздү.

Венесуэлада ушул кезге чейин Ковид-19дан 1 миң 28 адам каза болуп, 113 миң 558 учур аныкталды. Президенттин орун басары Делси Родригес Твиттердеги баракчасында 4-10-январь күндөрү Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн карантин колдонуларын жарыялады.

Ковид-19дан улам кээ бир берки өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Аргентина (43 миң 319), Польша (28 миң 956), Бельгия (19 миң 581), Украина (18 миң 731), Румыния (15 миң 841), Канада (15 миң 606), Эквадор (14 миң 51), Чехия (11 миң 711) жана Нидерландия (11 миң 529).



Тектеш кабарлар