Израил күчтөрү медицина кызматкерлерин бутага алды

Израиль күчтөрү демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ,  чыныгы жана пластикалык окторду колдонду.

1556019
Израил күчтөрү медицина кызматкерлерин бутага алды

Исраиль күчтөрү оккупация астындагы Батыш Шериада мыйзам тышы  еврей отурукташуу жерлерине нааразычылык көрсөткөн митингчилерге кийлигишүүсүндө бир медицина кызматкерин бутага алды.  

Израилдин Батыш Шериада курган мыйзам тышы еврей отурукташуу жерлерине нааразычылык билдирүүнү каалаган палестиналыктар Рамаллах шаарына караштуу Девр Жерир аймагында митинг өткөрүштү.

Израиль күчтөрү демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ,  чыныгы жана пластикалык окторду колдонду.

Демонстранттар таш менен жооп кайтарышты.

Израиль күчтөрүнүн кийлигишүүсүндө 16  палестиналык пластикалык октон жараланды. Жаралангандардын арасында Палестина жарандык коргоо бөлүгүндө ыктыярдуу иштеген бир медицина кызматкеринин да бар экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар