Ирандыктар өлкөдө чыгарылган вакцинага шектенүү менен карап жатышат

Иран калкы эмдөөнү алып же албоо тууралуу чечим чыгара элек.

1555729
Ирандыктар өлкөдө чыгарылган вакцинага шектенүү менен карап жатышат

Ирандыктар өлкөдө бул жумада адамдарда биринчи жолу сыналган жаңы тип коронавирус вакцинасына шектенүү менен карап жатышат.

Эпидемия эң оор болгон Иранда дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө чыгарылган Ковид  - 19 вакциналарын алуу аракеттери улантылып, окумуштуулар жергиликтүү вакцинаны жуманын ичинде биринчи жолу адамдарда сынай баштады.

Ирандык окумуштуулар чыгарган  "COVIRAN Bereket" вакцинасы саламаттык сактоо министри Саид Немеки жана башка жетекчилер катышкан  бир азем менен 2020 -  жылдын 29 -  декабрында вакцинаны иштеп чыккан окумуштуулар делегациясынын башында орун алган Мухаммед Мухбирдин кызы Таййибеге жасалды.

Вакцина 14 -  күндө экинчи жолу жасала турган жана акыркы баскыч боло турган 28 -  күндө акыркы дозанын денеге берилишинен кийин кенен түрдө колдонула башташы үчүн 2 ай күтүшү жана акыркы жыйынтыктын ортого чыгышы керек.

Иран калкы эмдөөнү алып же албоо тууралуу чечим чыгара элек. Трандыктардын кээ бирлери вакцинага ишенишпегендерин айтышса мунун жогорку баалар менен элге сатыларынан тынчсыздангандар да бар.



Тектеш кабарлар