АКШ Ирак армиясына брондолгон унаа жардам берди

АКШ Ирак армиясына борбор шаар Багдаттагы Жашыл зонаны коргоодо колдонуу үчүн 30 брондолгон унаа жардам берди.

1554672
АКШ Ирак армиясына брондолгон унаа жардам берди

АКШ Ирак армиясына борбор шаар Багдаттагы Жашыл зонаны коргоодо колдонуу үчүн 30 брондолгон унаа жардам берди.

АКШнын Багдат элчилигинен  берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Жашыл зона менен Багдаттын борборунун коопсуздугун түзүү үчүн Ирак армиясына 30 брондолгон унаанын тапшырылгандыгы белгиленди. Мунун АКШ менен Ирак армиясынын ортосундагы коопсуздук кызматташуусунун бир бөлүгү экендиги белгиленген маалыматта : «Ирак калкы үчүн ырааттуу жана ишенимдүү бир келечек куруу үчүн бирдикте иштөөнү улантабыз»,- деп билдирилди.

Багдаттагы АКШ элчилигине акыркы жолу 20 -  декабрда 8 даана ракета менен кол салуу болгон. Бат -  бат болуп турган мындай кол салуулардын артында Иранга жакын радикал шиит куралдуу кишилердин бар экендиги айтылууда. Кол салуулардан кийин АКШ дипломаттарынын элчиликтен кеткендиги билдирилген.



Тектеш кабарлар