СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылууда.

1553821
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid SPR.jpg
super covid19

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 783 миң 100дөн ашты. Вируска чалдыккандардын саны 81 миллион 680 миң, ал эми айыгып кеткендердин саны 57 миллион 878 миңди түздү.

343 миң 182 адам каза болуп, 19 миллион 781 миң 718ден ашуун адам вирус жуктурган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) саламаттык сактоо министринин орун басары Бретт Жируар, мутацияланган вирустун өлкөдө бар экенине байланыштуу эч кандай далил жок экендигин, бирок глобалдык байланыштарды эске алганда болушу мүмкүн экенин айтты. Ал арада Өкүлдөр палатасы пандемияга каршы экономикалык колдоо пакетине киргизилген 600 долларлык акчалай жардамды 2000 долларга чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун бекитти.

Италияда акыркы 24 саатта 445 адам каза болуп пандемиянын айынан көз жумган адамдардын жалпы саны 72 миң 370 деп катталды. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 8 миң 585ке көбөйүп, 2 миллион 56 миң 277ге жетти.

Англияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 357 адамдын каза болушу менен адамдардын өлүмү 71 миң 109га жогорулады. 41 миң 385 жаңы учур менен бирге илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 329 миң 730 болду.

Испанияда Ковид-19дон акыркы 4 күндө 298 кишинин каза болушу менен адамдардын өлүмү 50 миң 122ге жогорулады. Ушул эле мезгилде 24 миң 462 жаңы учур катталып, ооруну жуктургандардын саны 1 миллион 879 миң 413кө жетти.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 58 адам каза болгонун жана Ковид-19дан улам 2 миң 93 жаңы учур катталганын кабарлады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 6 миң 677ге, ал эми жуктургандардын саны 396 миң 666га жетти. Ошол эле учурда Ковид-19дун Англияда мутацияланып тезирээк тараган түрү Португалияда дагы аныкталды. Бул вирус Мадейра аралында 18 адамда, Англияда 17 адам жана борбор Лиссабондо бир адамда аныкталгандыгы жарыяланды.

Германияда вирустан 31 миң 176 адам көз жумуп, 1 миллион 670 миң 194 адам ооруну жуктурду.

Айрым берки өлкөлөрдө вирустун кесепетинен каза тапкандардын саны төмөнкүчө:

Бразилия (191 миң 641), Мексика (122 миң 855), Франция (63 миң 109), Аргентина (42 миң 868), Колумбия (42 миң 374), Перу (37 миң 525), Польша (27 миң 147), Бельгия (19 миң 274), Украина (17 миң 789), Чили (16 миң 443), Румыния (15 миң 334), Канада (15 миң 121), Эквадор (13 миң 994), Чехия (11 миң 152) жана Нидерландия ( 11 миң 42).



Тектеш кабарлар