Британия биринчи эркин соода келишимин Түркия менен түзүүнү каалап жатат

Бириккен Королдук Европа Биримдиги менен түзүлгөн келишимден кийинки алгачкы эркин соода келишимине Түркия менен кол койорун жарыялады.

1553160
Британия биринчи эркин соода келишимин Түркия менен түзүүнү каалап жатат

Бириккен Королдук Европа Биримдиги менен түзүлгөн келишимден кийинки алгачкы эркин соода келишимине Түркия менен кол койорун жарыялады.

Британиянын соода министрлигинен берилген маалыматта тараптардын эртең  кол койору маалымдалды.

Жаңы түзөтүүнүн Анкара менен Лондондун ортосундагы соода тартибин коргоосу күтүлүүдө. Бирок соода министри Лиз Трусс алдыда Түркия менен муктаждыктарга карата даярдалган келишимге кол коюну каалашкандарын айтты.

1 -  январдан тарта Европа Биримдигинен чыгарыла турган арал өлкөсү Европа Биримдигине мүчө болуп туруп тарап болгон соода келишимдерин Европа Биримдигинен көз карандысыз мамлекет катары жаңылоодо.

Британиялык министр Трусс : «Жаңы келишимдин бажысыз сооданын улантылышына мүмкүнчүлүк түзүп, соода карым  - катнаштарын өнүктүрүшүн ойлоп жатабыз. Келишим Бириккен Королдукта текстиль, автомобиль жана болот өнөр жайында миңдеген киши үчүн жумуш ишеними деген мааниге келүүдө»,- деди.

Соода министрлигинин билдиргенине караганда Британия менен Иүркиянын ортосундагы соода көлөмү 2019 -  жылы 18, 6 миллиард стерлингге жеткен. Министрлик Япония, Канада, Швейцария жана Норвегиядан кийин Лондон өкмөтүнүн бешинчи чоң соода келишимине Түркия менен кол койорун билдирди.

Бириккен Королдук ушул кезге чейин 62 өлкө менен соода тууралуу кол алышты.



Тектеш кабарлар