Грузия Түркия менен стратегиялык кызматташуусун бекемдегиси келет

Грузияда парламенттин  ишке ашырышы керек болгон тышкы саясат тууралуу бекиткен чечим долбоорунда Түркия менен болгон стратегиялык кызматташуунун күчтөндүрүлүшү темасы да орун алды.

1552153
Грузия Түркия менен стратегиялык кызматташуусун бекемдегиси келет

Грузияда парламенттин  ишке ашырышы керек болгон тышкы саясат тууралуу бекиткен чечим долбоорунда Түркия менен болгон стратегиялык кызматташуунун күчтөндүрүлүшү темасы да орун алды.

Грузия парламентинде кечээ өткөрүлгөн отурумда бекитилген 16 беренелик чечим долбоорунда Грузия тышкы саясаты өлкөнүн кайрадан жеринин бүтүндүгүнө жетиши үчүн керек болгон кадамдардын ташталышы, стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен карым  - катнаштардын дагы да бекемделиши сыяктуу алдыңкылыктар орун алды.

Өлкөнүн тышкы саясатында Абхазия менен Түштүк Осетия маселелеринин чечилиши, бул жерден көчүп кеткен качкындардын кайтышы, НАТО жана Европа Биримдиги менен толук интеграциянын жүргүзүлүшү алдыңкы маселелер экендиги белгиленген долбоордо бул сөздөр орун алды : «Грузиянын тышкы саясатынын эң негизги максаты тынчтык жолдор жана эл аралык колдоо менен өлкөдө оккупациянын акырына чыгышы, Грузиянын жеринин бүтүндүгүнүн кайрадан курулушу, качкындар жана өлкө ичинде жерлеринен кеткен кишилердин кайтып келиши».

Долбоордо өзгөчө Грузиянын 2024 -  жылы Европа Биримдигине толук мүчөлүк үчүн кайрылууда болору да белгиленди.

Чечим долбоорунун 6 -  беренесинде Грузия үчүн Түркия жана Азербайжан менен стратегиялык өнөктөштүктүн бекемделишине алдыңкылык берилгендиги белгиленди.

Долбоордо : «Грузия таасирдүү жана тең салмактуу бир аймактык саясат жүргүзүп, Кара деңиз аймагында тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулукту түзүүнү, социо  - экономикалык жана маданий байланыштарды күчтөндүрүүнү максат кылууда»,- деп билдирилди.

АКШ жана Европа өлкөлөрү менен да эки тараптуу карым  - катнаштардын күчтөндүрүлүшү керектиги белгиленген чечим долбоорунда Россиянын Грузияны оккупациялоо саясатын ишке ашырууну улантып жаткандыгы жана Тбилиси башкаруусунун бул өлкөгө каршы эл аралык соттордо ачкан доолордун чечкиндүү түрдө улантылары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар