Асад режими Хамага кол салды

Кол салууда 3 дыйкан каза тапты.

1552318
Асад режими Хамага кол салды

Сирияда Башар Асад режимине караштуу күчтөрдүн Хаманын батышындагы Зеккум айылына  жасаган артиллериялык кол салуусунда талаада иштеп жаткан 3 дыйкан каза болду.

Асад режиминин армиясы менен Иран колдогон чет элдик террордук топтордон турган Хаманын Габ түздүгүндөгү Менара айылына жайгашкан режим күчтөрү Түркия жана Россиянын ортосунда кол коюлган ок атышпоо эрежесин бузуп Зеккум айылына кол салды. Кол салууда 3 жаран каза болуп, 1 жаран оор жараланды.

Түркия жана Россиянын ортосунда 5 -  мартта Москвада ок атышпоо келишими түзүлгөн.

Режим күчтөрүнүн кээ кээде бузган ок атышпоо чоң өлчөмдө сакталууда. 2017 – 2020 -  жылдары 2 миллионго жакын жаран Россия жана режим күчтөрүнүн кол салууларында  Түркия чек арасына жакын аймактарга көчүүгө мажбур болушту.



Тектеш кабарлар