Арменияда Пашиняндын кызматынан кетиши үчүн митингдер улантылууда
Митингге чыккандар Ереван проспектилеринде «Пашинян кетсин» «Чыккынчы Пашинян», «Кет Пашинян» деген ураандар менен жүрүштү.
Тоолуу Карабахта Азербайжанга жеңилгендигин кабыл алган Армениянын премьер - министри Никол Пашиняндын кызматтан кетиши үчүн өлкөдө митингдер улантылууда.
Борбор шаар Ереванда Пашиняндын арыз беришин каалаган митингчилер эң башта парламент имараты жана президенттик резиденция жайгашкан Баграмян проспектиси жана айрым борбордук проспектилерди унааларга жапты.
Полиция шаарда коопсуздук чараларды көрсө да митингге чыккандар Ереван проспектилеринде «Пашинян кетсин» «Чыккынчы Пашинян», «Кет Пашинян» деген ураандар менен жүрүштү.
Митингдерге тоскоол болууга аракет кылган полиция менен митингчилердин арасында айтышуулар да болду.
Арменияда эл Пашиняндын Азербайжанга жеңилүүнү кабыл алышынан кийин 10 - ноябрда митинг баштаган.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.