ПКК/ЙПГ террористтери Сириянын түндүк-чыгышындагы айылды аткылагандыктан жарандар кире албай калышты
ПКК/ЙПГ террористтеринин бомба тутумунун торуна түшкөн үйдө жарылуу болуп эки жаран каза болду.
Сириянын түндүк-чыгышындагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ террористтеринин бомба тутумунун торуна түшкөн үйдө жарылуу болуп эки жаран каза болду.
Жахабил айылынын тургундарынан алынган маалыматка караганда, Тель-Абьяддын борборунда жашаган Мустафа Мамо иниси Юсуф Мамо менен бирге 17-декабрда фронт тилкесиндеги өзүнүн үйүн текшерүү үчүн айылына барган.
Бул эки жаран террорчулар айылга кирип келип, үйдү тоноп кетпесин деп эшик-терезелерин тактай менен жаап салгысы келген. Бирок үйдүн жерине ПКК/ЙПГ террористтери койгон мина жарылып, авасы жана анын иниси кулаган чатырдын астында калган.
Жарылуудан каза болгон эки жарандын абалы бир нече күндөн кийин, айрым айыл тургундары Мамо үй-бүлөсүнүн туугандарына жеткенде белгилүү болду.
Өмүрүн жоготкон Мустафа Мамонун бир тууганы Ахмет Мамо террористтердин куугунтуктоолорунан улам фронт тилкесинин так чекитиндеги айылга кире албай калгандыктарын айтты.
Мамо: «Биз сөөктөрдү жерге берүүнү каалайбыз. Сөөктөргө жетиш үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жана Түркияга чакырык салдык. Түркия биздин чакырыгыбызга кулак төшөдү»,-деди.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, карапайым адамдар өз айылдарына аман-эсен киришсин деп түрк чиновниктери бул маселени орусиялык тийиштүү кызматкерлер менен бөлүштү.
Түрк бийликтери Орусиядан террористтердин Жахабил кыштагына ок атуусун тез арада токтотушун суранды.