Молдованын жаңы президенти Санду ант берип кызматын баштады
Майя Санду баш калаа Кишинёвдогу Республика сарайында өткөн салтанатта конституцияга алаканын коюп ант берди.

Молдовада жаңы президент Майя Санду ант берип, мурдагы президент Игорь Додондон кызматын өткөрүп алды.
Майя Санду баш калаа Кишинёвдогу Республика сарайында өткөн салтанатта конституцияга алаканын коюп ант берди.
Президент Санду, бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Европа Биримдигинин (ЕБ) интеграция процессинин принциптерин кызмат учурунда кабыл алаарын билдирип, «Мен өлкөнүн кызыкчылыгын сыйлай турганыма кепилдик берем. Ички саясаттын уландысы болгон тышкы саясатта дубалдардын ордуна көпүрөлөрдү курам»,-деди.
Кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керектигин айткан Санду:«Бул мыйзам чыгаруу органынын тазаланышы, туңгуюктан чыгуунун бирден-бир жолу»,деген баасын берди.
Андан соң Президенттик имаратына барган Санду, экс-президент Игорь Додондон президенттик милдетин өткөрүп алды.
15-ноябрда Молдовада өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Санду 57,8 пайыз добушка ээ болсо, анын атаандашы Игорь Додон 42 пайыз бойдон калган.
Тектеш кабарлар

Кытайда автобус өрттөнүп, 6 адам каза болду
Гуандун провинциясында авто жолдо бараткан жүргүнчү автобусунда өрт чыкты.