Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 701 миң 600 кишини артта калтырды.

1549246
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 701 миң 600 кишини артта калтырды. Жуктуруп алгандардын саны 77 миллион 264 миңден, ал эми айыккандардын саны 54 миллион 168 миңден ашты.

Индияда эпидемияда каза болгондордун саны 145 миң 843кө, ал эми ооруну жуктургандардын саны 10 миллион 56 миң 248ге чейин көбөйдү.

Ковид-19 пайда болуп, 4 миң 634 адам каза болгон Кытайда акыркы 24 саатта вирустун айынан адам өлүмү катталган жок. Жуктургандардын саны 23кө көбөйүп, 86 миң 852ге жеткен.

Вирустун айынан Түштүк Кореяда каза болгондордун саны 698, ал эми жуктуруп алгандардын саны 50 миң 591 болду.

Сауд Арабия кээ бир өлкөлөрдө тезирээк жайылып бараткан Ковид-19 түрүнүн пайда болушуна байланыштуу бардык эл аралык каттамдарды бир жумага токтотконун жарыялады.

Катар кийинки жылы дагы улана турган Ковид-19 вакцинасын колдонууну ушул айда баштай тургандыгын жарыялады.

Африка континентинде эпидемиянын кесепетинен көз жумган адамдардын саны 59 миң 195кө, ал эми жуккан адамдардын саны 2 миллион 523 миң 478ге жетти. Ковид-19дан эң көп жоготуулар 24 миң 691 менен Түштүк Африка Республикасында катталган. Египетте 7 миң 98 адам, Мароккодо 6 миң 957 адам каза болду. Сейшел жана Эритреяда вируска байланыштуу өлүм катталган жок.

Түштүк Африка Республикасында илдетке чалдыккандардын саны 921 миң 922ге чейин көбөйгөн. Бул өлкөнүн артынан 417 миң 125 учур менен Марокко, 125 миң 555 учур менен Египет келди.

Марокко Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрүнүн мутациясы аныкталгандан кийин, бул өлкө менен аба каттамдарын убактылуу токтотууну чечти.

Гана президенти Нана Акуффо-Аддо өлкөдө Ковид-19 оорусунун көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кайрадан чектөөлөр киргизилгенин жарыялады. Акуффо-Аддо Рождество майрамын белгилөө учурунда өлкөнүн бардык ресторандары, түнкү клубдары, барлары жана пляждары иштебей тургандыгын билдирди. Өлкөнүн кургак жана деңиз чек аралары кийинки буйрукка чейин жабык бойдон кала тургандыгын белгилеген Акуффо-Аддо аэропорттордо эпидемияга каршы жаңы чаралар көрүлгөнүн айтты.

Ковид-19дан улам адамдардын өлүмү Иранда (53 миң 816), Россияда (51 миң 351), Индонезияда (20 миң 85), Иракта (12 миң 697) болгону катталган.



Тектеш кабарлар