Жылдын акыркы күн тутулушу болду

Жылдын эң негизги асман кубулуштарынын арасында көрсөтүлгөн толук күн тутулушу түнү Түштүк Америка өлкөлөрүнөн Чили жана Аргентинада байкалды.

1545924
Жылдын акыркы күн тутулушу болду

2020 -  жылдын акыркы күн тутулушу болду.

Жылдын эң негизги асман кубулуштарынын арасында көрсөтүлгөн толук күн тутулушу түнү Түштүк Америка өлкөлөрүнөн Чили жана Аргентинада байкалды.

Ай жер менен күндүн арасынан өттү, күндү толугу менен жаап, эки өлкөнүн чоң бир бөлүгү эки минутадан ашуун убакыт толугу менен караңгылыкка көмүлдү.

Миңдеген киши телескоп же атайын коргоочу көз айнектер менен бул тарыхый учурга күбө болушту.

Жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам саякатка чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогондор интернетте жарыяланган түз берүүлөр аркылуу күнтүн тутулушун көрө алышты.



Тектеш кабарлар