АКШда министрликтерге кибердик кол салуулар болду

Ак үйдүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысы Жон Уллёт жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, казына министрлиги жана соода министрлигине караштуу  Улуттук телекоммуникация жана маалымат башкаруу тутумдарына чет элдик өкмөттүн киргендигин  жарыялады.

1545055
АКШда министрликтерге кибердик кол салуулар болду

АКШда соода жана коргоо министрликтерине чет элдик өкмөттүн кибердик кол салуулары болгондугу билдирилди.  

Ак үйдүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысы Жон Уллёт жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, казына министрлиги жана соода министрлигине караштуу  Улуттук телекоммуникация жана маалымат башкаруу тутумдарына чет элдик өкмөттүн киргендигин  жарыялады.

Уллёт билдирүүдө : «АКШ өкмөтү абалды жакшы билет жана бул абал тууралуу маалыматтарды ортого чыгаруу үчүн керектүү бардык кадамдарды таштоодо»,- деп билдирди.

АКШнын массалык маалымат каражаттарында  орун алган кабарларда маалыматтардын чыгып кетиши олуттуу экендиги жана Улуттук Коопсуздук Кеңешинин ишемби күнү бул тууралуу чукул чогулгандыгы белгиленди.

Бир тараптан «Вашингтон Пост» гезити бул кыймылдын артында Россия өкмөтүнө караштуу иштеген хакерлер экендигин ортого салды.



Тектеш кабарлар