Грецияда миңдеген качкын уулануу коркунучу астында

Лесбос аралында бир канча убакыт мурда грек мекемелери тарабынан Каратепе аймагына курулган мигранттар лагеринин армияга таандык эски бир атуу полигонунун үстүнө курулгандыгы белгиленди.

1543758
Грецияда миңдеген качкын уулануу коркунучу астында

Грециянын Лесбос аралындагы жаңы курулган Каратепе мигранттар лагериндеги миңдеген качкын айлана - чөйрөдөгү оор уулуу заттардан улам олуттуу коркунуч астында.

Адам укуктарын изилдөө уюмунан берилген маалыматта Лесбос аралында бир канча убакыт мурда грек мекемелери тарабынан Каратепе аймагына курулган мигранттар лагеринин армияга таандык эски бир атуу полигонунун үстүнө курулгандыгы белгиленди.

Мигранттар алардын ичинен өзгөчө аялдар менен балдардын октордун калдыктарынан пайда болгон уулардан уулануу коркунучу астында экендиги билдирилди.

Билдирүүдө аймактагы ок - дары калдыктарынан улам оор уулуу заттардын бар экендиги жана «саламаттык жактан булганган аймак» экендиги баса белгиленип, ушуга карабастан Греция бийликтеринин качкындарды  ал жерге алып баруудан мурда кенен түрдө  текшербегендиги белгиленди.

Маалыматта  Грециянын бийликтеринен тезинен ок-дарылардын калдыктары жана лагердин аймагындагы коргошундун курамы боюнча кылдат иликтөө жүргүзүү талап кылынды.

Греция бийлиги жарыялаган маалыматтарга караганда, Каратепедеги мигранттар лагеринде 8 630 иммигрант жана болжол менен 200 кызматкер бар.



Тектеш кабарлар