Ливияда барымтага алынган түрк кемеси эркин кое берилди

Маалымат булактары экипаж менен бирге эркин кое берилген кеменин Мисратаны көздөй багыт алганын билдиришти.

1543275
Ливияда барымтага алынган түрк кемеси эркин кое берилди

Ливида дары ташыган жана буйрукка баш ийбеди деген доомат менен Халифе Хафтер тарабынан 5-декабрда барымтага алынган Ямайканын желеги илинген түрк кемеси эркин кое берилди.

Жергиликтүү жооптуу кызматкерлерден алынган маалыматка ылайык Ливиянын Мисрата шаарына жеткирүү үчүн дары ташыган жана буйрукка баш ийбеди деген доомат менен 9у түрктөн турган 17 кишилик экипаждан турган кеме Хафтер күчтөрү тарабынан барымтага алынган, эми болсо  "Маброока" аттуу Түркиянын соода жүк  кемеси эркин кое берилди деген маалымат келди.

Маалымат булактары экипаж менен бирге эркин кое берилген кеменин Мисратаны көздөй багыт алганын билдиришти.

Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин өкүлү, Ахмед аль-Мисмари 8-декабрда өзүнүн социалдык медиа аккаунтунда билдирүү жасап, соода кемеси «тыюу салынган аймакка кирип, чакырууга жооп берген жок» деп билдирди. Ал мыйзамга каршы иш кылгандыгы үчүн териштирүү үчүн өлкөнүн чыгышындагы Рас-эль-Хилал портуна тартылганын билдирди.

 



Тектеш кабарлар