Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 576 миң 180ден ашты.

1543053
Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү
ABD AŞI SÜPER
KORONA SÜPER

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 576 миң 180ден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 69 миллион 262 миңден, ал эми айыккандардын саны 48 миллион 19 миңден ашты.

Эпидемиянын айынан Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) көз жумган адамдардын саны 296 миң 715ке, ал эми оорулардын саны 15 миллион 822 миң 331ге жетти.

Францияда акыркы бир күндө дагы 296 адамдын вирустан каза болушу менен, каза болгондордун саны 56 миң 648ге жетти. Вирус менен аныкталган адамдардын саны 14 миң 595ке көбөйүп, 2 млн 324 миң 216га жетти.

Испанияда, Ковид-19дан акыркы 48 саатта 373 адамдын өлүмү менен, адамдардын өлүмү 47 миң 19га чейин көбөйгөн. Ошол эле мезгилде 9 миң 773 жаңы учур катталып, ооруну жуктургандардын саны 1 миллион 702 миң 328ге жетти.

Португалиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 70 адам каза болгонун жана Ковид-19дан улам 4 миң 97 жаңы учур катталганын жарыялады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 5 миң 195ке, ал эми оорулардын саны 332 миң 73кө көбөйгөн.

Ковид-19дан кээ бир башка өлкөлөрдө каза болгондор төмөнкүдөй:

Бразилия (179 миң 32), Мексика (111 миң 655), Англия (62 миң 566), Италия (61 миң 739), Аргентина (40 миң 222), Колумбия (38 миң 308), Перу (36 миң 455), Польша (21 миң 160), Германия (20 миң 704), Бельгия (17 миң 603), Чили (15 миң 690), Украина (14 миң 204), Эквадор (13 миң 814), Канада (12 миң 983), Румыния ( 12 миң 821).



Тектеш кабарлар