Израиль аскерлеринин өлүмчүл курал колдонгондугу белгилүү болду

Эл аралык балдарды коргоо кыймылы Израиль күчтөрүнүн «өлүмчүл Ругер» деп билинген "22 Long Rifle" атуу курал колдонгондугу жана курман болгон балдардын бир бөлүгүнүн ушул курал менен өлтүрүлгөндүгүн жарыялады.

1542283
Израиль аскерлеринин өлүмчүл курал колдонгондугу белгилүү болду

Израиль күчтөрүнүн палестиналыктар уюштурган митингдерге кийлигишүүдө өлүмчүл куралдарды колдонуп балдардын өлүмүнө себеп болгондугу маалымдалды.

Борбору Женева болгон Эл аралык балдарды коргоо кыймылы Израиль күчтөрүнүн «өлүмчүл Ругер» деп билинген "22 Long Rifle" атуу курал колдонгондугу жана курман болгон балдардын бир бөлүгүнүн ушул курал менен өлтүрүлгөндүгүн жарыялады.

Бул куралдын акыркы курмандыгы басып алыган Батыш Шериада 4 -  декабрь күнү  шейит болгон 13 жаштагы палестиналык Али Эбу Алиййа экендиги билдирилди. Маалыматта Израилдин бул курал тууралуу «өлүмчүл эмес» деп айтуусу чындык тышы экендиги баса белгиленди.

Эл аралык укуктук мекемелеринин отчетуна караганда жылдын башынан бери 13 – 17 жаштардагы 8 палестиналык бала Израиль аскерлери аткан ок менен шейит болду.



Тектеш кабарлар