Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1542084
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
super covid19 ingiltere
super covid19
Covid1.jpg
covid SPR ölüm.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 563 миңге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 68 ​​миллион 603 миңден, ал эми айыккандардын саны 47 миллион 491 миңден ашты.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун себебинен көз жумган адамдардын саны 293 миң 398ге жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 15 миллион 377 миңди түздү.

Британияда вирустун айынан адам өлүмү 62 миң 33кө жогорулады. Өлкөдө вируска кабылгандардын саны 1 миллион 750 миң деп катталды.

Италияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 саатта 634 адамдын каза болушу менен жалпы сан 61 миң 240ка жетти. Вирусту жуктурган адамдардын саны болсо 14 миң 842ге көбөйүп 1 миллион 757 миң 394тү түздү. Өлкөдө эпидемия башталгандан бери каза болгон дарыгерлердин саны 237ге жетти.

Францияда Ковид-19дан улам 56 миң 352 адам көз жумду. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 2 миллион 309 миңге жогорулады.

Испанияда вирустан каза болгондордун саны 46 миң 646га жетти. Өлкөдө 1 миллион 715 миң учур катталды.

Германияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 590 кишинин каза болушу менен адамдардын өлүмү 19 миң 932ге жогорулады. Ушул эле мезгилде өлкөдө 20 миң 815 адамга Ковид-19 диагнозу коюлду. Ушундайча жуктургандардын саны 1 миллион 218 миң 524кө жетти.

Пандемиянын айынан 9 миң 775 адам каза болгон Нидерландияда, жуктургандардын саны 570 миң 437ге жогорулады. Өлкөдө бейтаптардын саны да кайрадан көбөйүп жатат.

Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгон адамдардын саны бир күндө 276га көбөйүп жалпы 14 миң 204кө жетти. Өлкөдө акыркы сутканын ичинде 12 миң 585 кишиден вирус табылып, жуктуруп алгандардын саны 845 миң 343тү түздү.

Ковид-19дан улам берки өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Бразилия (178 миң 184), Мексика (110 миң 874), Аргентина (40 миң 9), Колумбия (38 миң 158), Перу (36 миң 401), Польша (20 миң 592), Бельгия (17 миң 507), Чили (15 миң 680), Эквадор (13 миң 794), Канада (12 миң 867) жана Румыния (12 миң 660).



Тектеш кабарлар