Арменияда Пашинянга каршы митингдер кайрадан башталды

Тоолуу Карабахта чоң жеңилүүгө учураган Арменияда абал тынчый элек.

1542298
Арменияда Пашинянга каршы митингдер кайрадан башталды

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетпешине байланыштуу элдин нааразычылыгы кайрадан башталды.

Оккупациялаган Тоолуу Карабахта чоң жеңилүүгө дуушар болгон Арменияда абал тынчый элек.

Баш калаа Еревандагы жана берки шаарлардагы айрым аймактар ​​унаа кыймылы үчүн жабылды.

Катуу чараларды көргөн полиция кеминде 90 адамды суракка алды.

Армениянын маалымат каражаттары, нааразычылык акциясына чыккандарга жол бербөө үчүн баш калаа Еревандагы метронун жабылганын да жазып чыгышты.



Тектеш кабарлар