Индонезияда сел жана жер көчкү

Индонезиянын Түндүк Суматра аймагында болгон сел жана жер көчкүлөрдө каза болгондордун саны 8ге жогорулады.

1541628
Индонезияда сел жана жер көчкү

Индонезиянын Түндүк Суматра аймагында болгон сел жана жер көчкүлөрдө каза болгондордун саны 8ге жогорулады.

Жалпы Түндүк Суматра аймагында бейшемби күндөн бери  катуу  жамгыр жаап жатат.

Жамгыр Дели Серданг, Медан, Биндаи, Хумбанг, Хасундутан, Тебинг Тингги жана Серданг Бедагаи сыяктуу аймак жана шаарларды камтыган 6 жерде сел жана жер көчкүлөрүнө себеп болду.

Иүндүк Суматра губернатору Еди Рахмаяди жоголгон кишилерди издөө жана куткаруу иштеринде дагы 3 кишинин сөөгүнүн табылышы менен 6 кишинин каза болгондугун билдирди.

Медан издөө -  куткаруу агентигинин төрагасы Тото Мулйоно да дели Серданг аймагында болгон жер көчкүлөрдө 2 кишинин каза болгондугун маалымдады.

Ошол эле учурда Апаат агенттигинин жетекчилери 2 773 үй суу астында калган аймакта бардык жапа чеккендердин коопсуз аймактарга эвакуациялангандыгын жана жардам берүү иштеринин улантылып жаткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар