БУУнун Башкы Ассамблеясынын Крым чечими

БУУнун Башкы Ассамблеясы Россияны Крымдагы аскер күчтөрүн тез арада чыгарып кетүүгө жана "Украинанын аймагын убактылуу басып алууну кечиктирбестен токтотууга" чакырган чечимди кабыл алды.

1541411
БУУнун Башкы Ассамблеясынын Крым чечими

БУУнун Башкы Ассамблеясы Россияны Крымдагы аскер күчтөрүн тез арада чыгарып кетүүгө жана "Украинанын аймагын убактылуу басып алууну кечиктирбестен токтотууга" чакырган чечимди кабыл алды.

193 мүчөлүү БУУнун Башкы Ассамблеясында өткөрүлгөн добуш берүүдө баш ийдирүүчүлүгү болбогон чечимге 17 каршы, 63 кабыл добуш берилип, 62 мүчө добуш берген жок.

Крымдын жана Севастополь шаарынын Россия тарабынан басып алынышы айыпталган чечимде «аннекциянын таанылбагандыгы» аныкталды, Крымды күч менен мыйзамсыз басып алуу жана эл аралык мыйзамдын бузулушу экендиги билдирилди.

Чечимде БУУ мүчөлөрүнө жана эл аралык уюмдарга БУУ менен кызматташуу түзүшү жана мүмкүн болгон эң кыска убакытта Россиянын Крымды оккупациялоону тез аранын ичинде  токтотуу аракеттерин колдоого чакырылды.

БУУнун Башкы Ассамбелясы : "Россиянын Крымды милитаризациялоонун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануу бар. Өнүккөн курал - жарак системаларын, анын ичинде ядролук жөндөмдүү учактарды, ракеталарды, ок - дарыларын жана аскер кызматкерлерин Украинанын аймагына өткөрүп берүү",-  деп билдирди.

Чечимде Россиянын Крымда колго түшүргөн Украина аскердик өнөр жай фирмаларын колдонушу да айыпталды.

Москвага Крымдагы атомдук объектилердин жана материалдардын юрисдикциясын кеңейтүү аракеттерин токтотуусу кеерктиги белгиленген чечимде, Россиянын Украина жарандары да болгон  Крым тургундарын милдеттүү аскер кызматына алуусуна каршы чыгылгандыгы  баса белгиленди.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечиминде Россиянын Крымда аскердик кемелерди кургандыгы айыпталып,  Москвага  Кара деңизде, Азов  деңизинде жана Керч кысыгында  эл аралык мыйзамдын негизинде мыйзамдарга ылайык навигацияга тоскоолдук кылбоого чакыруу салынды.

Батыш өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган, бирок баш ийдирүүчүлүгү жок чечим, Крымдын аннексияланышы боюнча дүйнөлүк коомдук пикирди  чагылдыргандыгы белгиленди.

Ушундай эле чечим 2019-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган.

Россия 2014 - жылы Крым Автономиялык Республикасын жана Севастополь шаарын мыйзамсыз аннексиялаган. Крымды аннексияланышы  жана Украинанын чыгышындагы окуялардан кийин Европа Биримдиги, Америка Кошмо Штаттары жана айрым өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизе башташкан.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар