АКШда  миллиондогон америкалык азык - түлүк банктарына кайрылышты

Associated Press агенттигинин маалыматтарына ылайык, коронавирус эпидемиясы  менен күрөшүп жаткан АКШда өткөн жылга салыштырмалуу азык-түлүккө болгон муктаждык жана бөлүштүрүү тездик менен өстү.

1541544
АКШда  миллиондогон америкалык азык - түлүк банктарына кайрылышты

АКШда  ачарчылык чегиндеги миллиондогон америкалык азык - түлүк банктарына кайрылышты.

Associated Press агенттигинин маалыматтарына ылайык, коронавирус эпидемиясы  менен күрөшүп жаткан АКШда өткөн жылга салыштырмалуу азык-түлүккө болгон муктаждык жана бөлүштүрүү тездик менен өстү.

Өлкөдөгү   ачкачылыкка каршы күрөшүү боюнча эң ири уюму болгон Азык-түлүк банкына "эпидемия мезгилинде арыздар 60 пайызга көбөйгөндүгү жана ар бир  10 кишинин төртөөсүнүн биринчи жолу кайрылгандыгы"  маалымдалды.

2019 - жылы азык-түлүк банкынын бөлүштүрүүлөрүнөн жалпы 35 миллион адам пайдаланган болсо, бул жылы  бул сандын 50 миллионго чыккандыгы билдирилди.

Жумушсуздуктун деңгээли 14,7 пайызга жеткен өлкөдө ар бир 6 чоң кишинин бири жана ар бир 4 баланын бирөөсү ачкачылык менен бетме  - бет.

Азык – түлүк коопсуздугу өзгөчө Африка жана латын тектүү азчылыктарда, ак адамдар менен Азия тектүү адамдарга караганда   болжол менен эки эсе көп экени билдирилди.

Мамлекеттик негизде, эпидемиялык процессте чоң сокку алган Неваданын Азык - түлүк банкын колдонууда 2018-жылы 20 – орунда болгон болсо,  быйыл 5 -  орунга жогорулагандыгы, ошондой эле Миссисипи, Арканзас, Алабама, Луизиана сыяктуу штаттарда ар бир 5 кишиден  бирөөсүнүн тамак-аш коопсуздугун жашап жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар