Иранда сел жүрдү

Хурмузган провинциясынын Парсиан районунда дагы 5 адам каза болуп, курман болгондордун саны 7ге жетти.

1540877
Иранда сел жүрдү

Ирандын түштүк аймактарында болгон суу ташкынынан улам, Хурмузган провинциясынын Парсиан районунда дагы 5 адам каза болуп, курман болгондордун саны 7ге жетти.

Ирандын жарым расмий Тесним маалымат агенттигинин билдиргенине ылайык, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Хузистан, Исфахан, Бушер, Фарс, Йезд жана Хормузган провинцияларында суу ташкыны  болду.

Издөө-куткаруу топтору суу ташкынынан жабыркаган аймактарда иштерин улантууда жана ушул убакка чейин Хурмузган провинциясынын Парсиан районунда 5 адам жана Бушер провинциясынын Даштистан районунда 2 адам каза болду.

Ирандын түштүк провинцияларында бир нече күндөн бери уланып жаткан нөшөрлүү жаан-чачындар күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизип, көптөгөн шаарларда суу ташкынынан улам кырсыктар болду.

Хузестан провинциясынын борбору Ахваз менен Бушердин көптөгөн аймактарын суу каптады.



Тектеш кабарлар