Бул жылы ноябрь айы эң ысык ай болду

Европа Биримдигинин Коперник климаттык өзгөрүү кызматынын аба жана жер үстүндөгү температураны анализдеген отчет 2020 -  жылдын ноябрь айынын 1981 – 2010 – жылдардын аралыгындагы орточо көрсөткүчтөн 0,8 градус дагы ысыгыраак болгондугун ортого салды.

1540924

Отчетто 2020 -  жыл ноябрь айындагы температуранын 2019 -  жыл ноябрь айында өлчөлгөндөн 0,1 градус жогору экендиги, Европада сентябрь  -  ноябрь айындагы температура стандарттык этап мезгилинен 1,9 градуска жогору болгондугу, өзгөчө мындан мурда эң ысык мезгил болгон 2006 -  жылдагы орточо температуранын 0,4 градустан жогору чыккандыгы баса белгиленди.

Коперник климаттык өзгөрүү кызматынын директору Карло Буонтемпо :  "Рекорддук температура глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн узак мөөнөттүү жылуу тенденциясына дал келет",- деди.

Буонтемпо : «Климаттык коркунучтарды азайтууга алдыңкылык берген бардык чечим чыгаруучулар бул катталгандарды коркунучтун коңгуроосу катары көрүшү керек жана 2015 Париж келишиминин эл аралык убадаларын кантип мыкты ишке ашырарын ар дайымкыдай дагы олуттуу түрдө ойлонушу керек»,- деди.

Буонтемпо : «Бул тенденция кооптондурат жана Арктика аймагын ар тараптуу көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп турат, анткени ал дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда тезирээк жылыйт",- деди.  

Тектеш кабарлар